Кыргызстанда илимий кызматкерлер үчүн президенттик компенсациялык төлөмдөр киргизилет

Кыргызстанда илимий кызматкерлер үчүн президенттик компенсациялык төлөмдөр киргизилет

Image

Кыргыз Республикасында илимий жана илимий-техникалык уюмдардын кызматкерлери үчүн кошумча президенттик компенсациялык төлөмдөр киргизилет. Тиешелүү токтомго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Жаңы чечим илимий-изилдөө иштеринин натыйжалуулугун жогорулатууга, өлкөнүн илимий потенциалын колдоого жана илимий мекемелердин кызматкерлерин материалдык жактан стимулдаштырууга багытталган.

Токтомго ылайык, айлык маянага кошумча президенттик компенсациялык төлөмдөр төмөнкү өлчөмдө белгиленет:

  • 15 000 сом — административдик-башкаруу жана негизги персонал үчүн;
  • 5 000 сом — техникалык жана кенже персонал үчүн.

Төлөмдөр кызматкердин иш жүзүндө иштеген убактысына жараша эсептелери белгиленди. Эгер кызматкер толук эмес ставкада иштесе, компенсациялык төлөм анын жүктөмүнө жараша пропорционалдуу түрдө берилет.

Ошондой эле бул төлөмдөр бийик тоолуу жана алыскы аймактарда иштегендиги же жашагандыгы үчүн берилүүчү кошумча төлөмдөрдү жана жөлөкпулдарды эсептөөдө эске алынбай турганы маалымдалды.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине 2026-жылга карата республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү даярдоодо, ошондой эле 2027–2028-жылдарга пландалган мезгилде тиешелүү каржылык чараларды карап чыгуу тапшырылды.



Фото галерея