Кыргыз-Индия клиникасы

Кыргыз-Индия клиникасы

Кыргыз-Индия клиникасы Ош эл аралык медициналык университетинин заманбап клиникалык базасы болуп саналат. Бул жерде сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү, студенттердин практикалык билимин жогорулатуу жана диагностика менен дарылоонун заманбап ыкмаларын колдонуу айкалышкан.

Клиникада урологиялык жана терапиялык ооруларды диагностикалоо, дарылоо жана алдын алуу боюнча комплекстүү медициналык жардам көрсөтүлөт. Кабыл алууну жогорку квалификациялуу дарыгерлер жана тажрыйбалуу адистер жүргүзүп, ар бир бейтапка жекече мамиле жасашат.

Бейтаптар үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн: жайлуу палаталар, физиотерапия кабинети, процедуралык кабинет, заманбап УЗИ кабинети жана ашкана иштейт. Клиника сапаттуу диагностика жана натыйжалуу дарылоо жүргүзүү үчүн керектүү медициналык жабдуулар менен камсыздалган.

Кыргыз-Индия клиникасы медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын үзгүлтүксүз жакшыртууга жана саламаттык сактоо тармагындагы келечектеги адистерди эл аралык стандарттарга ылайык даярдоого умтулат.

Фото галерея