КР саламаттык сактоо министри медицинаны өнүктүрүүнүн негизги артыкчылыктарын белгиледи
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов жакынкы мезгилдеги саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүнүн негизги багыттары тууралуу айтып берди. Өзгөчө көңүл оорулардын алдын алууга, эне жана баланын ден соолугун коргоого, ошондой эле медициналык системаны санариптештирүүгө бурулмакчы.
Министрдин айтымында, негизги милдеттердин бири — оорулардын татаалдашуусун дарылоодон аларды эрте аныктоого жана алдын алууга өтүү болуп саналат. Артыкчылыктуу багыттардын катарына калкты санитардык агартуу, эмдөө, скрининг программалары жана жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алуу кирет.
Ошондой эле эне жана баланын ден соолугун коргоо маанилүү багыт катары аныкталды. Өлкөнүн бардык аймактарында кош бойлуу аялдарды көзөмөлдөө системасын өркүндөтүү, онлайн-каттоо киргизүү жана перинаталдык жардамдын сапатын жакшыртуу пландалууда.
Саламаттык сактоо министрлиги дары-дармек камсыздоосун санариптештирүү маселелерине да өзгөчө көңүл бурууда. Жакынкы мезгилде дары каражаттарын электрондук эсепке алуу системасын өнүктүрүү пландалып жатат. Бул сатып алуулардагы ачык-айкындуулукту жогорулатууга жана дары-дармектерди бөлүштүрүүнү көзөмөлдөөнү күчөтүүгө мүмкүндүк берет.
Министр ошондой эле медициналык билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, кадрдык потенциалды чыңдоо жана айрыкча аймактардагы медицина кызматкерлерин колдоо зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында, заманбап саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү квалификациялуу адистерди даярдоосуз жана заманбап билим берүү ыкмаларын киргизүүсүз мүмкүн эмес.
Саламаттык сактоо министрлигинде жүргүзүлүп жаткан реформалар медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга багытталганын, ал эми системанын натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчү алдын алууга мүмкүн болгон өлүмдөрдүн азайышы болушу керектигин белгилешти.
Булак: https://24.kg/