Кыргызстанда студенттердин мобилдүүлүгүн өнүктүрүү жана жаңы жатаканаларды куруу маселелери талкууланды

Кыргызстанда студенттердин мобилдүүлүгүн өнүктүрүү жана жаңы жатаканаларды куруу маселелери талкууланды

Image

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында студенттердин аймактар аралык мобилдүүлүгүн өнүктүрүү жана жогорку билим берүү инфраструктурасын кеңейтүү маселелерине арналган жыйын өттү. Жыйынды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев алып барды.

Жыйындын жүрүшүндө илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова студенттердин аймактар аралык мобилдүүлүк программасын тааныштырды. Программанын алкагында студенттер үчүн 8000ге жакын квота бөлүү жана өлкөнүн ар кайсы аймактарында жаңы студенттик жатаканаларды куруу пландалууда.

Берилген маалыматка ылайык, жакынкы жылдары Кыргызстандын беш облусунда, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында 7000ден ашык орунга ылайыкталган тогуз заманбап жатакана куруу каралган. Бул долбоор студенттер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана сапаттуу жогорку билимге жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө багытталган.

Ошондой эле тиешелүү министрликтер тарабынан даярдык иштери жүргүзүлүп, жер тилкелери аныкталып, инженердик изилдөөлөр аткарылып жана алдын ала архитектуралык долбоорлор иштелип чыкканы белгиленди.

Мындан тышкары, жыйындын катышуучулары жогорку окуу жайларына кеңейтилген автономия берүү жана студенттер үчүн билим берүү кредиттерин киргизүү маселелерин да талкуулашты. Жыйындын жыйынтыгында мамлекеттик органдарга тиешелүү тапшырмалар берилди. 

Маалымат: Илим, билим берүү жана иновациялар министирлиги.



Фото галерея