Медициналык жогорку окуу жайлардын мамлекеттик аккредитация маселелери боюнча брифинг өттү
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан өткөрүлгөн брифингде саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Кыргызстандагы медициналык жогорку окуу жайлар ассоциациясынын Президентке жолдогон кайрылуусу боюнча өз пикирин билдирди.
Белгилүү болгондой, медициналык ЖОЖдор мамлекеттик аккредитациядан өтүү үчүн жаңы талаптар күчүнө киргенден кийин кеминде алты айлык өткөөл мезгил берүү сунушун киргизишкен.
Министр мамлекеттик аккредитацияны киргизүү — медициналык кадрларды даярдоо системасын жакшыртууга багытталган комплекстүү реформанын бир бөлүгү экенин белгиледи:
«Бул системанын сапатына жараша жарандардын ден соолугу, бейтаптардын коопсуздугу жана саламаттык сактоо тармагынын келечеги көз каранды. Белгилей кетким келет: мамлекеттик аккредитация күтүүсүз киргизилген жок. Бул 2025-жылдын август айынан бери жүргүзүлүп жаткан ырааттуу иш».
Анын айтымында, реформанын алкагында ЖОЖдор менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, атайын комиссиялар иш алып барган.
Ошол эле учурда аккредитация мөөнөтүн узартуу маселеси каралбай турганы айтылды:
«Медициналык кадрларды даярдоонун сапаты — бул улуттук коопсуздуктун маселеси. Адистерди даярдоодо катачылыктарга жол берилбеши керек».
Министрлик реформанын негизги максаты — билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, бирдиктүү жана ачык стандарттарды түзүү, ошондой эле медициналык дипломдорго болгон эл аралык ишенимди күчөтүү экенин белгиледи.