Президент Садыр Жапаров Ош шаарында 10 мектептин пайдубалын түптөө аземине катышты
2026-жылдын 10-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунун каражаттарынын эсебинен 10 орто мектептин пайдубалын түптөө аземине катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Президент сөз сүйлөп, билим берүү тармагындагы жетишкендиктерди ар дайым колдой турганын белгиледи.
«Тарых сабактары көрсөтүп тургандай, өлкө өнүгүү жолуна дал билим жана илим аркылуу түшөт. Бекеринен биздин акылман ата-бабабыз Жусуп Баласагын: “Адам үчүн билим алуудан артык эч нерсе жок” деп айткан эмес. Ошондуктан 10 мектептин пайдубалын түптөө — бул Ош үчүн гана эмес, бүтүндөй өлкө үчүн чоң окуя», — деди Президент.
Президент Ош шаарындагы билим берүү тармагынын учурдагы абалына токтолду.
Бүгүнкү күндө шаардагы 70 мамлекеттик мектепте 100 миңден ашуун окуучу билим алууда. Ошол эле учурда мектептердин долбоордук сыйымдуулугу болгону 46 миңден ашуун орунду түзөт. Бул мектептер нормадан эки эседен ашык жүктөм менен иштеп жатканын билдирет.
Президент жаңы мектептерди курууну кечиктирбей баштоо зарылдыгын белгиледи.
Бардык 10 мектеп Турукташтыруу фондунун эсебинен курулат. Мындан тышкары, республикалык бюджеттин эсебинен дагы 5 мектептин курулушу уланууда.
Жалпы 15 мектеп пайдаланууга берилсе, окуучулар үчүн орун тартыштыгы 20–22% га кыскарып:
- үч сменада окуган мектептер азаят;
- айрым мектептер бир сменага өтөт;
- класстардагы окуучулардын саны калыбына келет;
- билим берүүнүн сапаты жогорулайт.
Курулуш жаңы окуу жылынын башталышына чейин бүткөрүлөт жана Президенттин жеке көзөмөлүндө болот.
Ошондой эле мугалимдердин жетишсиздиги маселеси да белгиленди.
Иш-чарадан кийин Президент мугалимдер жана шаар тургундары менен баарлашты.