Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаевдин Индиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Бирендер Сингх Ядав менен жолугушуусу.

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаевдин Индиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Бирендер Сингх Ядав менен жолугушуусу.

Image

        2025-жылдын 1-августунда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде министр Эркин Чечейбаев Индиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Бирендер Сингх Ядав менен жолугушту. Жолугушууда эки өлкөнүн ортосунда саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү, анын ичинде тажрыйба алмашуу, медициналык кадрларды квалификациясын жогорулатуу жана жаңы технологияларды, анын ичинде салттуу медицина тармагындагы технологияларды киргизүү маселелери талкууланды.

       Айрыкча көңүл онкологиялык жардам көрсөтүү маселесине бурулду. Индиянын элчиси Кыргызстандагы Улуттук онкология жана гематология борборунда орнотулган «Бабатрон» аппаратынын эффективдүү иштеши үчүн зарыл болгон Кобальт-60 радиоактивдүү изотобун жеткирүү боюнча учурдагы иштер жөнүндө маалымдады. Мындан тышкары, индиялык тарап «Бабатрон» аппаратын Индиянын алдыңкы онкологиялык клиникаларында колдонулуп жаткан заманбап «Сидхарт» линейка үдөткүчүнө алмаштыруу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри бул сунушту оң кабыл алып, жаңы жабдуу келген учурда аны Ош облустук онкологиялык борборуна орнотуу пландалып жатканын белгиледи. «Биз заманбап нур терапиясынын ыкмалары өлкөнүн түштүгүндөгү бейтаптар үчүн жеткиликтүү болушун каалайбыз. Бул онкологиялык оорулар менен жабыркагандарга көрсөтүлө турган медициналык кызматтын сапатын кыйла жогорулатат», — деп белгиледи Эркин Чечейбаев.

       Эки тарап бул демилгелерди практикалык жүзөгө ашырууга даяр экенин билдиришип, Кыргызстан менен Индиянын ортосунда саламаттык сактоо жаатындагы кызматташтыкты мындан ары да чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Булак: Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин расмий сайты



Фото галерея