Кыргызстанда алгачкы медициналык симуляциялык борбор ачылды

Кыргызстанда алгачкы медициналык симуляциялык борбор ачылды

Image

       2025-жылдын 5-сентябрында Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын базасында өлкөнүн алгачкы медициналык симуляциялык борборунун ачылыш аземи болуп өттү. Долбоор Кореянын Эл аралык саламаттык сактоо фонду (KOFIH) жана Инха университеттик клиникасынын (Корея Республикасы) колдоосу менен ишке ашырылды. Ачылышка Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев, Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер Кабинетинин өкүлдөрү, Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ким Гван Чжэ, KOFIH жана Инха университетинин жетекчилери, дарыгерлер жана коноктор катышты.

      Борбор заманбап симуляторлор жана VR-технологиялар менен жабдылган: MedVision Simulator Mia HF, Arthur, Leonardo жана Zarnitza. Алардын жардамы менен дарыгерлер, медайымдар жана тез жардам кызматкерлери чыныгы кырдаалга жакын шарттарда көндүмдөрүн машыктыра алышат, мисалы жүрөк токтоп калуу же оор жаракат учурларында.

       Саламаттык сактоо министринин айтымында, бул борбордун ачылышы медициналык жардамдын сапатын жогорулатууда жана адистерди даярдоодо маанилүү кадам болуп саналат. Элчи Ким Гван Чжэ белгилегендей, жалпы инвестиция көлөмү 880 млн вонду түзүп, Кыргызстанга 100дөн ашык жабдуулар жеткирилди жана 30 адис (9у реанимацияда, 21и шашылыш жардамда) даярдалды. Башкы дарыгер Гулжигит Аалиевдин айтуусунда, жаңы борбор кадимки иш менен катар өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты да күчөтүүгө мүмкүндүк берет. Симуляциялык борбор Кыргызстандагы медициналык билим берүүнүн өнүгүшүнө өбөлгө түзүп, эл аралык кызматташтыктын ийгиликтүү үлгүсү болуп калаары күтүлүүдө.

        Булак: Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин расмий сайты



Фото галерея