Бишкекте «Дары-дармек» мобилдик тиркемесинин жаңыланган мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды

Бишкекте «Дары-дармек» мобилдик тиркемесинин жаңыланган мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды

Image

        31-июлда Бишкекте «Дары-дармек» мобилдик тиркемесинин кеңейтилген функциялары боюнча маалымат жыйыны өттү. Иштеп чыгуучулар жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү дары-дармек тууралуу маалыматты калкка жеткирүүнү жеңилдеткен жаңы кызматтар тууралуу айтып беришти. Саламаттык сактоо министрлигинин Дары саясаты жана лицензиялоо башкармалыгынын башкы адиси Асель Турдалиеванын айтымында, тиркеме колдонуучуларга дары-дармектин баасы жана анын мамлекеттик ченемдерге шайкештиги тууралуу маалыматты тез алуу мүмкүнчүлүгүн берет. Министрлик маанилүү дары-дармектердин баасын жөнгө салуу жана жарандарды чектелген баалар тууралуу кабардар кылуу саясатын улантууда.

        Дары менен камсыздоо жана медициналык жабдуулар департаментинин директорунун орун басары Мариям Жанкорозованын белгилөөсүндө, чектөөлөр бекитилген тизмедеги дары-дармектерге тиешелүү, бирок психотроптук, наркотикалык жана өлкөгө киргизүү баасы 100 сомдон төмөн болгон дарыларга колдонулбайт. Баа коюу механизми кымбат дарыларга аз соода үстөк кошууга негизделген. Тиркеменин иштеп чыгуучусу Мирбек Кудуретов белгилегендей, эми колдонуучулар дары-дармекке баа ашыкча коюлган учурларда чекти телефон аркылуу сканерлеп, арыз жөнөтө алышат. Бул арыздар автоматтык түрдө Монополияга каршы кызматка жөнөтүлөт, алар текшерүү жүргүзүп, тиешелүү чараларды көрөт. Мындан тышкары, «Дары-дармек» керектүү дары кайсы дүкөндө бар экенин табууга жана дарыдан болгон терс таасирлер тууралуу билдирүүгө шарт түзөт.

        Иштеп чыгуучулар тиркеме үстүндө иш уланып жатканын жана жакынкы арада жаңы пайдалуу функциялар кошуларын белгилешет.

«Дары-дармек» тиркемесин популярдуу тиркеме дүкөндөрүнөн жүктөп алса болот. Суроолор боюнча ФОМС ысык линиясы — 113.

Багыт: Саламаттык сактоо министирлигинин официалдуу сайты



Фото галерея