Трансмиссивдүү ооруларды алдын алуу: эс алуу мезгилине карата жарандарга сунуштар
Жаз-жай мезгилинде кан эмүүчү курт-кумурскалар аркылуу жугуучу инфекциялык оорулардын коркунучу жогорулайт. Айрыкча чет өлкөгө, ысык климаттагы өлкөлөргө саякаттоону пландаган жарандар үчүн бул маселе өтө актуалдуу.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 2020–2024-жылдар аралыгында маляриянын 11 завоздук учуру катталган. Алардын көпчүлүгү эндемиялык өлкөлөрдөн кайтып келген жарандарда аныкталган. Өз убагында диагноз коюлуп, дарылоо жүргүзүлгөндүктөн, инфекциянын жайылышы болбой калган. Учурда Кыргызстанда тигр чиркейлери аркылуу вирус жугуунун ички учурлары каттала элек.
Бүгүнкү күндө дүйнөдө кооптонууну жаратып жаткан вирус — чикунгунья. Бул оору Aedes albopictus жана Aedes aegypti чиркейлери аркылуу жугуп, дене табынын көтөрүлүшүнө, тери бүдүрлөрүнө жана муундарда күчтүү оорунун пайда болушуна алып келет. Кээде бул оорулар айлап же жылдап сакталып, жашоо сапатын төмөндөтөт.
Ушул эле чиркейлер Зика, денге, Батыш Нил вирусу, Конго-Крым геморрагиялык ысытмасы сыяктуу кооптуу инфекцияларды да жугузушу мүмкүн. Бул чиркейлердин жайгашкан аймагы кеңейип, Кыргызстанга жакын аймактарда да байкалууда.
Ошондуктан, Саламаттык сактоо министрлиги төмөнкү чараларды сунуштайт:
-
Саякатка чейин дарыгерге кайрылып, маляриянын алдын алуу үчүн дары каражаттарын тандоо;
-
Дарыларды сапарга чейин баштап ичүү жана кайтып келгенден кийин дагы 1 ай улантуу;
-
Бара турган өлкөдөгү эпидемиологиялык абал менен алдын ала таанышуу.
Курт-кумурскалардан сактануу үчүн:
-
Репелленттерди колдонуу;
-
Кол-бутту жаап турган кийим кийүү (эртең менен жана кечинде өзгөчө маанилүү);
-
Москит торлорунун астында уктоо;
-
Үйдүн жанында суунун топтолушуна жол бербөө;
-
Эгерде дене табы көтөрүлүп, сөөк-муун ооруп же тери бүдүрлөрү пайда болсо, дарыгерге кайрылып, жакында чет өлкөгө барганыңызды билдирүү.
Трансмиссивдүү оорулардын алдын алууга болот. Этияттык, өз убагында чара көрүү жана медициналык жардамга кайрылуу — сиздин саламаттыгыңызды сактоонун негизги жолдору.
Булак: КР Саламаттык сактоо министрлигинин расмий Telegram-каналы