Саламаттыкты сактоо министрлиги 2025-жылдагы жайкы туристтик сезонду медициналык жактан камсыздоону күчөттү
Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги 2025-жылдын жайкы туристтик мезгилинде жарандардын жана туристтердин коопсуздугун, саламаттыгын камсыздоо максатында бир катар чараларды ишке ашырууда.
Республиканын бардык аймактарында дары-дармектердин кору түзүлүп, медициналык жабдуулардын ишке даярдыгы текшерилди, кошумча керебеттер даярдалды. Тез жардам кызматтары күнү-түнү иштеп, жүктөмү көп болгон жолдордо көчмө бригадалар нөөмөттө турушат.
Төмөнкү жолдордо тез жардам бригадалары иштеп жатат:
- Бишкек — Ош:
– Токойлу (114 км) – 3 бригада
– Тоо-Ашуу – 2 бригада
– Чычкан (238 км) – 3 бригада - Бишкек — Торугарт:
– Боом (140 км) – 4 бригада - Бишкек — Каракол / Энилчек:
– Энилчек – 1 бригада
Ысык-Көл жээгиндеги эл көп чогулган жерлерде дарыгердик пункттар иштеп жатат, анын ичинде Каракол, Балыкчы, Жети-Өгүз, Түп, Тоң жана башка райондордо.
Ошондой эле эс алуучулар жайгашкан жайларда жана коомдук тамактануу объектилеринде санитардык-гигиеналык жана профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Ысык-Көл облусунда санитардык паспорт алуу үчүн 460тан ашык кайрылуу келип түшүп, алардын көпчүлүгү каралып бүттү.
Ушундай эле иш-чаралар жээктеги жана капчыгайлардагы боз үйлөрдү да камтыды. Эс алуу жайларында санитардык эрежелерди сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Калктын саламаттыгы үчүн жүргүзүлгөн айлана-чөйрө көзөмөлүнүн алкагында төмөнкүдөй текшерүүлөр жүргүзүлдү:
- 332 ичүүчү суунун үлгүсү,
- 128 көл суусунун үлгүсү,
- 178 кумдун үлгүсү.
Бул иштердин баары жайкы туристтик сезондо жарандардын жана коноктордун коопсуздугу менен ыңгайлуу эс алуусун камсыздоого багытталган.
Булак: Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги