Балдардын онкологиялык ооруларына каршы күнү
15-февраль балдардын онкологиялык ооруларына каршы эл аралык күнүнө карата ОЭАМУнун студенттеринин балдардын онкологиялык оорулары тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу, ооруканада дарыланып жаткан балдарга моралдык колдоо көрсөтүү жана онкология бөлүмүнүн иши, бейтаптарды кароо жана психологиялык колдоонун мааниси менен таанышуу максатында Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасынын онкология бөлүмүнө тарбиялык-агартуу мүнөзүндөгү баруу (визит) уюштурулат.
Программа:
• Онкология бөлүмүнүн иши боюнча таанышуу жана түшүндүрмө;
• Дарыгерлер/медайымдар менен кыска жолугушуу;
• Балдарды колдоого багытталган чакан мотивациялык баарлашуу (этиканы сактоо менен).
Күнү: 14-февраль
Убактысы: 9.00
Жыйын чогулуучу жер: Салиева кочосу, ОМДКБ
Катышуучулар: каалоочулар-ыктыярчылар
Эскертүү: Оорукана эрежелери катуу сакталат (тынчтык, тазалык, тартип). Балдардын жана ата-энелердин жеке маалыматтарын сүрөткө/видеого тартууга уруксатсыз болбойт. Медициналык маска жана таза халат талап кылынат.
Катышууну каалагандар алдын ала жооптуу адамга кайрылып, тизмеге жазылсын.
Жооптуу: Абдуллаева В.А.