Кыргыз-Индия клиникасында Индиянын алдыңкы адистеринин сапары
2026-жылдын 12-май күнү Ош эл аралык медициналык университетинин алдындагы Кыргыз-Индия клиникасында Индиянын алдыңкы адистеринин сапары өтөт. Иш-чара BLK-MAX ооруканасы (Индия) менен кызматташтыктын алкагында уюштурулууда.
Бул күнү Ош шаарынын тургундары жана коноктору үчүн акысыз кабыл алуу уюштурулуп, бейтаптар индиялык жогорку квалификациялуу дарыгерлерден консультация жана медициналык кароодон өтө алышат.
Адистер:
Доктор Гаурав Суд Сэр
Боор трансплантациясы боюнча хирург жана ашказан-ичеги трактысы менен боор оорулары боюнча адис.
Доктор Раджеш Кумар Джайн Сэр
Онкохирург, рак ооруларын комплекстүү хирургиялык дарылоо боюнча эксперт.
Өтүү күнү жана убактысы:
📅 12-май 2026-жыл
🕙 10:00 – 19:00
Өтүү жери:
📍 Кыргыз-Индия клиникасы
Ош шаары, Алымбек датка көчөсү 428/1
Иш-чаранын уюштуруучусу — BLK-MAX ооруканасы (Индия) менен кызматташтыктагы Ош эл аралык медициналык университети.
Бардык каалоочуларды алдыңкы эл аралык адистерден акысыз консультация алуу мүмкүнчүлүгүн пайдаланууга чакырабыз.