ОЭАМУ квалификацияны жогорулатуу курстарына кабыл алууну жарыялайт

ОЭАМУ квалификацияны жогорулатуу курстарына кабыл алууну жарыялайт

oimu оэаму medical university

Ош эл аралык медициналык университети 2026-жылдын 30-мартынан 10-апрелине чейин өтүүчү квалификацияны жогорулатуу курстарына катышуучуларды кабыл алууну жарыялайт. Окутуу күндүзгү жана аралаш (күндүзгү-дистанциялык) форматта жүргүзүлөт. Курсту ийгиликтүү аяктаган катышуучуларга сертификат берилет.

Программада жалпы көлөмү 72 академиялык саат болгон эки курс сунушталат:

1. «Оорулардын морфологиялык негиздери: анатомия, гистология жана патологиянын клиникалык практикада жана медициналык билим берүүдөгү интеграциясы»
Бул курс патологдор, гистологдор жана жогорку окуу жайлардын окутуучулары үчүн арналган.

2. «Базистик жана клиникалык фармакология»
Курс провизорлор, фармакологдор жана ЖОЖдордун окутуучулары үчүн арналган.

Катышуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:
— паспорттун көчүрмөсү;
— дипломдун көчүрмөсү;
— акыркы квалификация жогорулатуу тууралуу документтин көчүрмөсү.

Окутуунун баасы:
4000 сом — Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн;
7000 сом — жакынкы чет өлкөлөрдүн жарандары үчүн.



Фото галерея