Эпилепсия күнү
Урматтуу студенттер жана окутуучулар!
9-февраль күнү эпилепсия менен күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата Ош эл аралык медициналык университетинин лекциялык залында эпилепсия тууралуу маалымдуулукту жогорулатуу жана биринчи жардам көрсөтүү көндүмдөрүн үйрөтүү максатында белгилуу адис, жогорку категориядагы врач-невролог Караев Азизбек Паизбекович «Эпилепсия: белгилери, себептери, диагноз коюу жана дарылоо негиздери» деген темада лекция окуп, «Эпилепсия кармаганда 1-жардам көрсөтүү (туура аракеттер жана кеңири кездешкен каталар)» боюнча мастер класс өткөрөт.
Бардык каалоочулар үчүн (студенттер, окутуучулар, кызматкерлер) эшик ачык. Максатыбыз: эпилепсия тууралуу туура түшүнүк алуу, стигманы азайтуу жана өзгөчө кырдаалда туура жардам көрсөтүүнү үйрөтүү.
Күнү: 9-февраль
Убактысы: 14.30
Жери: чон лекциялык зал
Катышууга чакырабыз! Ар бир адам биринчи жардам көрсөтүүнү билүүгө тийиш!