Р.М. Тойчуевдин 80 жылдыгына арналган эл аралык конференция

Р.М. Тойчуевдин 80 жылдыгына арналган эл аралык конференция

oimu оэаму medical university

        2025-жылдын 17–18-декабрында Ош шаарында «Медико-биологиялык илимдердин жана билим берүүнүн актуалдуу маселелери» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлөт. Иш-чара Кыргыз Республикасынын илимдин жана саламаттык сактоонун көрүнүктүү ишмери, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын жана саламаттык сактоонун эмгек сиңирген кызматкери, медицина илимдеринин кандидаты, улук илимий кызматкер Р.М. Тойчуевдин 80 жылдык мааракесине арналат.

       Конференциянын уюштуруучуларынын бири биздин университет. Андан тышкары Улуттук илимдер академиясынын Түштүк бөлүмүнүн медико-биологиялык көйгөйлөр боюнча илимий-изилдөө институту, Ош мамлекеттик университети  жана Ош регионалдык анатомдор, гистологдор жана эмбриологдордун коомдук уюму (НМОАГЭ) биргеликте уюштурушууда.

       Конференция гибриддик форматта — офлайн жана онлайн түрүндө өткөрүлөт. Иш чаранын расмий тилдери: кыргыз, орус жана англис тилдери. Конференциянын негизги багыттары ички, хирургиялык, жугуштуу оорулардан тартып, медицинадагы жасалма интеллектке жана студенттик илимге чейин камтыйт. Ошондой эле мастер-класстар өткөрүлөт.

       Конференциянын жыйынтыгында илимий макалалар жыйнагы жарык көрүп, ал Орусиянын илимий цитаталоо индексине (РИНЦ) киргизилет.
Катышуу акысыз.

       Катышуу үчүн мөөнөттөр:

  • Катышуу арыздарын кабыл алуу – 2025-жылдын 5-декабрына чейин;

  • Докладдардын жана макалалардын толук тексттери – 2025-жылдын 10-декабрына чейин.

         Материалдарды жөнөтүү дареги: impnankr@gmail.com

         Уюштуруу комитетинин дареги: Ош шаары, Үзгөн көчөсү, 130а, Түштүк бөлүмдүн медико-биологиялык көйгөйлөр институту.

        Ош эл аралык медициналык университети бардык окумуштууларды, окутуучуларды жана студенттерди улуу окумуштуу Р.М. Тойчуевдин 80 жылдык марекесине арналган бул маанилүү илимий иш-чарага активдүү катышууга чакырат.


Информационное письмо №1 (к 80-летию Р.М. Тойчуева)