ОЭАМУнун окутуучулары Scopus жана QS рейтингдер боюнча семинарга катышты

оэаму ишиму oshimu омму oimu

       27-майда Ош эл аралык медициналык университетинин окутуучулары Ош шаарындагы «Jannat Resort» мейманканасында өткөн семинарга катышышты.
Темасы: «Илимий стратегия: Scopusтагы макалалар жана QS рейтингдеринин байланышы»

       Семинар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулуп, Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын илимий активдүүлүгүн жана эл аралык аброюн жогорулатууга багытталган.

       Катышуучулар төмөнкү темаларды өздөштүрүштү:

  • QS рейтинги боюнча негизги көрсөткүчтөр;
  • Scopus журналдары үчүн илимий макала жазуу методдору;
  • Адабият издөө жана макалаларды форматтоо;
  • Макалаларды жөнөтүү жана рецензиялоо процесси.

      Семинарды доктор Урмат Тыналиев (Ph.D., АКШ) жетектеди — Scopus жана QS рейтингдери боюнча эксперт. 

       ОЭАМУ иш-чараны уюштуруучуларга ыраазычылык билдирет жана алган билимдерди университеттин академиялык аброюн жогорулатуу үчүн активдүү колдонууга ниеттенет.



Фото галерея