5-курс студенттери жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациянын экинчи этабынан өтүштү
2026-жылдын 29-майында Ош эл аралык медициналык университетинде дарылоо факультетинин 5-курс студенттери үчүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациянын экинчи этабы өткөрүлдү.
Экзамен университеттин Тест борборунда Мамлекеттик аттестациялык комиссиянын көзөмөлү астында өттү. Экзамен башталар алдында комиссиянын төрагасы куттуктоо сөзүн сүйлөп, аттестацияны өткөрүү тартиби менен тааныштырып, студенттерге ийгилик каалады.
Экзамен ачылгандан кийин студенттер кезек тартибинде Тест борборуна кирип, тапшырмаларды аткарууга киришишти. Ар бир студентке 100 тесттик суроого жооп берүү үчүн 90 мүнөт убакыт берилди.
Экзамендик тапшырмалар хирургия, терапия, педиатрия, акушерлик жана гинекология, коомдук саламаттык сактоо жана эпидемиология дисциплиналары боюнча 1200дөн ашык суроону камтыган базадан түзүлдү.
Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациянын экинчи этабы болочок дарыгерлердин теориялык даярдык деңгээлин жана кесиптик компетенцияларын объективдүү баалоого багытталган. Экзамен белгиленген талаптарга ылайык өткөрүлүп, бүтүрүүчүлөрдүн билимдерин баалоонун ачыктыгын жана адилеттүүлүгүн камсыз кылды.