Өндүрүштүк практика 2025–2026
Ош эл аралык медициналык университетинин дарылоо факультетинин студенттеринин окуу практикасы аяктады. Практикалык даярдык ОЭАМУнун клиникалык базаларында өтүп, студенттердин кесиптик көндүмдөрүн, клиникалык ой жүгүртүүсүн жана теориялык билимдерин бекемдөөгө багытталды.
6 жылдык программа
1-курс — «Окуу-тажрыйба практикасы: медайымдык кароо» Практика 2026-жылдын 4–23-майында Ош шаардык клиникалык ооруканасында өттү. Тез жардам (ОМП), физиотерапия, эндокринология, хирургия жана КДО бөлүмдөрүндө 18 студент катышты. Практика жетекчиси — Абсаттаров Э. Клиникадагы жетекчиси — Назиров Улан. ОЭАМУ менен Ош шаардык клиникалык ооруканасынын ортосунда 17.03.2026-жылы 5 жылдык келишим түзүлгөн. Жыйынтыгында студенттер ооз эки экзамен, презентациялар жана практика күндөлүктөрүн тапшырып, ийгиликтүү аттестациядан өтүштү.
2-курс — «Медайым жардамчысы» Практика 2026-жылдын 27-апрелинен 16-майына чейин өттү. 11 студент катышты. Клиникалык базалар: Ош шаардык клиникалык ооруканасы (реанимация бөлүмү), «Саламат» клиникасы, «Андрос» клиникасы. Практика жетекчиси — Каримов М.Б. Клиникалардагы жетекчилери — Абдурахманов Ш.Т., Алканов С.Р., Максимов И.И. Жыйынтыгында студенттер ооз эки экзамен, презентациялар жана күндөлүктөр менен аттестациядан өтүштү.
3-курс — «Тез жардам жана шашылыш жардам фельдшеринин жардамчысы» Практика 2026-жылдын 4–23-майында өттү. 8 студент катышты. Клиникалык базасы — Тез жардам борбору. Келишим 23.01.2025-жылы 5 жылга түзүлгөн. Практика жетекчиси — Садыкова Г.Ж. Клиникадагы жетекчиси — Султанов М.Л. Бардык студенттер ооз эки экзамен, презентациялар жана күндөлүктөр менен практикадан ийгиликтүү өтүштү.
5-курс — «Үй-бүлөлүк дарыгердин жардамчысы» Практика 2026-жылдын 4–23-майында өттү. 9 студент катышты. Клиникалык базалар: ЦСМ №1, ГСВ №4 Ош шаары. Практика жетекчиси — Абдумомунова Б.Т. Клиникадагы жетекчиси — Ахунбаева Т.Р. Келишим 2025-жылдан тартып 5 жылга түзүлгөн. Жыйынтыгында студенттер ооз эки экзамен, презентациялар жана күндөлүктөр менен аттестациядан өтүштү.
5 жылдык программа
2-курс — «Палата жана процедуралык медайым жардамчысы» Практика 2026-жылдын 27-апрелинен 23-майына чейин өттү. 71 студент катышты. Клиникалык базалар: Ош шаардык клиникалык ооруканасы (терапия №1 жана №2, инфекциялык, көз, кардиология жана ЛОР бөлүмдөрү), Кыргыз-Индия клиникасы, «Андромед» клиникасы, «Саламат» клиникасы. Практика жетекчиси — Абсаттаров Э.М. Клиникалардагы жетекчилер — Абдурахманов Ш.Т., Назиров У.А., Амирова Т.С., Мирзакулов Д.С., Максимов И.И. Бардык студенттер ооз эки экзамен, презентациялар жана күндөлүктөр менен практикадан ийгиликтүү өтүштү.
3-курс — «Тез жардам жана шашылыш жардам фельдшеринин жардамчысы» Практика 2026-жылдын 26-январынан 14-февралына чейин өттү. 42 студент катышты. База — Центр экстренной медицины. Келишим 23.01.2025-жылы 5 жылга түзүлгөн. Практика жетекчиси — Садыкова Г.Ж. Клиникадагы жетекчи — Султанов М.Л. Бардык студенттер ооз эки экзамен, презентациялар жана күндөлүктөр менен практикадан ийгиликтүү өтүштү.
4-курс — «Оорукананын дарыгеринин жардамчысы» Практика 2026-жылдын 4–30-майында Кыргыз-Индия клиникасында өттү. 14 студент катышты. Практика жетекчиси — Каримов М.Б. Клиникадагы жетекчи — Амирова Т.С. Бардык студенттер аттестациядан ийгиликтүү өтүштү.
5-курс — «Үй-бүлөлүк медицина борборунда дарыгердин жардамчысы» Практика 43 студент тарабынан ийгиликтүү аяктады. Клиникалык базалар: ЦСМ №1, ГСВ №2, ГСВ №4 Ош шаары, «Андромед 2» клиникасы, «Саламат» клиникасы. Практика жетекчиси — Абдумомунова Б.Т. Клиникадагы жетекчи — Халмурзаев М.М., Ахунбаева Т.Р., Мейматкулова Г.Ш., Мирзакулов Д.С., Максимов И.И. Бардык студенттер ооз эки экзамен, презентациялар жана күндөлүктөр менен практикадан ийгиликтүү өтүштү.
Практикалык даярдык студенттердин кесиптик компетенцияларын өнүктүрүүгө, университет менен клиникалык базалардын кызматташтыгын чыңдоого жана медициналык билим берүүнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түздү.