Университеттер аралык илимий-методикалык семинар
23-майда Жалалабад эл аралык медициналык университетинин базасында ОшМУ, Жалалабад мамлекеттик университети жана Жалалабад эл аралык университетинин медициналык факультеттеринин окутуучуларынын жана УИАнын Түштүк бөлүмүнүн медициналык биологиялык көйгөйлөрдү илимий изилдөө Институтунун кызматкерлеринин катышуусунда университеттер аралык илимий-методикалык семинар уюштурулду.
"Кыргызстандагы азыркы шарттарда балдар жана чоңдордун физикалык абалын түзүүчү факторлорду эске алуу менен баалоо" деген темада илимий баяндаманы илимий жетекчи, медицина илимдеринин кандидаты, доцент К.Ш. Сакибаев жасады. Семинардын алкагында биоимпедансометрия боюнча (Нуруев М.К., Манас кызы Уулкaн) жана илимий изилдөөлөрдүн биоэтикасы боюнча (Аргынбаева А.Т., Сакибаев К.Ш.) мастер-класстар өткөрүлдү. К.Ш.Сакибаевдин жетекчилиги астында "Кыргызстандагы азыркы шарттарда балдар жана чоңдордун физикалык абалын конституционалдык, этникалык, жыныстык жана курактык факторлорду эске алуу менен баалоо" темасы боюнча илимий изилдөө жүргүзүлүүдө (2024-2026-жылдарга МОН КР гранты, келишим №240012, 2024-жылдын 12-марты). Илимий иш кыргыздын жынысы, курагы жана этникалык тармагы боюнча дене түзүлүшүн эске алуу менен адамдын физикалык өнүгүшүнүн антропометриялык, морфофункционалдык жана биоимпедансометриялык параметрлеринин динамикасынын мыйзам ченемдүүлүктөрүн изилдөөгө жана андан соң аймактык баалоо стандарттарын иштеп чыгууга багытталган.