ОЭАМУнун окутуучулары кадыр-барктуу илимий жыйнактарда макалаларын жарыялашты

оэаму ишиму oshimu омму oimu

          Ош эл аралык медициналык университети илимий чөйрөдөгү позициясын бекемдөөнү улантууда. Университеттин окутуучулары — Муратов Бекжан, Нурланова Нурпери жана илимий иштер боюнча проректор, доцент Сакибаев К.Ш. — өздөрүнүн илимий макалаларын Россиялык жана эл аралык кадыр-барктуу жыйнактарда жарыялашты.

          Муратов Б.А. жана Нурланова Н.Н. авторлош болуп, 2025-жылдын май айында чыккан “Илим жана практика бюллетени” (Том 11, №5) аттуу рецензияланган илимий журналда макала жарыялашты. Макала Ош шаарындагы урологиялык оорулардын таралышы, алдын алуу маселелери жана статистикалык көрсөткүчтөрдүн динамикасы тууралуу жазылган. Бул изилдөө аймактын саламаттыкты сактоо системасы үчүн практикалык мааниге ээ жана эрте диагностика менен калкты маалымдоо иштеринин маанилүүлүгүн баса белгилейт.

           Сакибаев К.Ш., ОЭАМУнун илимий иштер боюнча проректору, “Лимфатикалык система — анатомиядан клиникага чейин” аттуу бүткүл Орисиялык илимий конференциянын жыйнагында эки илимий ишин жарыялады. Конференция Воронеж мамлекеттик медициналык университетинде өткөн. Макалаларда лимфатикалык системанын анатомиялык жана физиологиялык өзгөчөлүктөрү, клиникалык практикадагы ролу жана бул багыттагы заманбап билим берүү ыкмалары баяндалган.

           ОЭАМУнун окутуучуларынын эл аралык жана мекемелер аралык илимий басылмаларга активдүү катышуусу университеттин илимий потенциалынын жогору экенин, академиялык мобилдүүлүгүн жана дүйнөлүк илимий чөйрөгө интеграциялоого болгон умтулуусун көрсөтөт.

           ОЭАМУ өзүнүн илимий кадрлары менен сыймыктанат жана медициналык илимди Кыргызстанда жана андан тышкары да өнүктүрүүгө багытталган конференцияларга, симпозиумдарга жана басылмаларга окутуучулардын катышуусун ар тараптан колдойт.



Фото галерея