Илим – ОЭАМУнун артыкчылыктуу багыттарынын бири
ОЭАМУнун илимий иштер боюнча проректору, доцент К.Ш. Сакибаев эл аралык жана улуттук илимий басылмаларда активдүү түрдө макалалар жарыялап келет, эл аралык конференцияларга катышып, Кыргызстандын медициналык илимин өнүктүрүүгө багытталган илимий долбоорлорду координациялайт.
Хирш индексинде 5-орунду ээлөө — бул көп жылдык эмгектин, тынымсыз илимий ишмердүүлүктүн жана сапатка умтулуунун натыйжасы.
Ош эл аралык медициналык университети илимди өнүктүрүүнү активдүү улантууда. Университет студенттерди, магистранттарды жана окутуучуларды илимий долбоорлорго тартуу менен илимий потенциалды кеңейтүүгө салым кошууда. Цитаталардын саны менен Хирш индекси ар бир окумуштуу үчүн жеке жетишкендик болуу менен бирге, ОММУнун эл аралык деңгээлдеги кадыр-баркына да таасир этет.
Хирш индекси деген эмне?
Хирш индекси (h-index) — окумуштуулардын илимий активдүүлүгүн жана таасирин баалоо үчүн колдонулган көрсөткүч. Ал окумуштуунун канча макаласы жок дегенде h жолу цитаталанганын көрсөтөт. Мисалы, эгерде окумуштуунун Хирш индекси 10 болсо, анда анын 10 макаласы ар бири кеминде 10 жолу шилтеме алган дегенди билдирет.
Бул көрсөткүч Scopus, Google Scholar, Web of Science сыяктуу илимий маалымат базаларында колдонулат жана академиялык чөйрөдө изилдөөчү катары кадыр-баркты аныктаган негизги индикаторлордун бири болуп эсептелет.
ОЭАМУ өзүнүн илимий кадрлары менен сыймыктанат жана академиялык натыйжалуулук менен изилдөөлөрдүн сапаты университеттик жашоонун негизги артыкчылыктары болушун көздөйт.