"Жогорку окуу жайды башкаруунун заманбап ыкмалары" квалификациясын жогорулатуу курсу
2025-жылдын 10-апрелинен 26-апрелине чейин "ЖОЖдорду башкаруунун заманбап ыкмалары" аттуу квалификацияны жогорулатуу курсунун катышуучулары өздөрүнүн долбоордук иштерин гибриддик форматта коргоодон өткөрүштү. Катышуучулар ТОМИиОМ кафедрасы жана ОшМУнун квалификацияны жогорулатуу борбору тарабынан уюштурулган толук программаны угуп өз алдынча тапшырмаларды аткарышып, тандалган темалар боюнча жыйынтыктоочу долбоордук иштерин даярдашты.
Академиялык мобилдүүлүк алкагында, жогорку окуу жайлар ортосундагы эки тараптуу келишимдин негизинде, курска Наманган мамлекеттик университетинин окутуучулары да катышты.
Бул курс ЖОЖдордо башкаруу жөндөмдүүлүктөрүн өркүндөтүүгө жана административдик ишмердүүлүктө заманбап ыкмаларды киргизүүгө багытталган. ОММУ үчүн жогорку билим берүү системасында кадрдык потенциалды өнүктүрүү жана башкаруунун сапатын жогорулатуу абдан маанилүү.