«Студенттик медицинанын өнүгүүсүндөгү заманбап жетишкендиктер» темадагы V эл аралык студенттик илимий-практикалык конференция
2025-жылдын 13-майында ОЭАМУнун студенттерин сыйлоо аземи болуп өттү, алар V- эл аралык студенттик илимий-практикалык конференцияда "Студенттик медициналык илимдеги заманбап жетишкендиктер" темасы боюнча университетти татыктуу түрдө таанытышты. Конференция 2025-жылдын 24-апрелинде Ташкент медициналык академиясында өттү.
Бул конференцияга дүйнөнүн 30 өлкөсүнөн 1000ден ашуун студенттер катышты, ошондой эле чет өлкөлүк студенттер үчүн онлайн режим да уюштурулган.
Конференциянын алкагында тематикалык илимий секциялар, кесиптик жана жеке жөндөмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган тренингдер, инновациялык долбоорлордун презентациялары өткөрүлдү.
Ташкентте университетти татыктуу тааныткан студенттер:
-
Базаров Улугбек Эркинович – 4-курс студенти, дарылоо иш факультети
-
Мирусманов Азимжон Талипович – 3-курс студенти, дарылоо иш факультети
-
Усманжан уулу Илиясбек – 3-курс студенти, дарылоо иш факультети
-
Нематов Хабибулло Отабек уулу – 3-курс студенти, дарылоо иш факультети
Онлайн режиминде катышып, ардактуу дипломдор менен сыйланышкан студенттер:
- Sivakumar Sasi Varunan – 1-даражадагы диплом
- Shaikh Mohammed Saiff Sayeed – 2-даражадагы диплом
- Thoomathy Maheswaran Keerthana – 3-даражадагы диплом
- Rahul Vasant Narwade – 2-даражадагы диплом
- Mahajan Aditya Dhondiba – 3-даражадагы диплом
Айрыкча сыймык менен маалымдайбыз: университетибиздин студенти Усманжан уулу Илиясбек “Вакцинация: жактоочулар жана каршы пикирлер. Аргументтер жана илимий көз караш” темасында доклад менен чыгып, вакцинациянын коомдук саламаттык сактоого тийгизген таасири, кеңири тараган мифтер жана илимий маалыматтар боюнча объективдүү талдоо жүргүздү. Конференциянын жыйынтыгында Усманжан уулу Илиясбек өз секциясында II орунду ээледи. Усманжан уулу Илиясбек катышыа келген студенттер менен бергеликте ОЭАМУда билим алып жаткан студенттердин илимий даярдык деңгээлинин жогорку экендигин тастыкташты.
Ташкент медициналык академиясына чакыруусу үчүн ыраазычылык билдиребиз. Мындай иш-чараларга катышуу элдер ортосундагы достукту бекемдеп, студенттерге кесиптик өнүгүүдө кошумча дем берет.