ОЭАМУда социалдык-педагогикалык процесстин маанилүү бир милдети- студенттик жатакананы кыдыруу.

оэаму ишиму oshimu омму oimu

      Чет элдик студенттер менен социалдык-педагогикалык иштердин алкагында ОММУнун кураторлору университеттин жатаканаларында жашаган студенттерди үзгүлтүксүз кыдырышат. Бул иш-чаралар бекитилген график боюнча өткөрүлүп, студенттерге колдоо көрсөтүүгө, жашоо шарттарын көзөмөлдөөгө жана алдын алуу иштерине багытталган.

    Кыдыруу учурунда кураторлор студенттер менен жолугушуп, алардын күнүмдүк турмушу жана университетке адаптациясы боюнча маселелерди талкуулашат, көйгөйлөрдү чечүүгө жардам көрсөтүшөт. Айрыкча санитардык-гигиеналык шарттарга, ички тартип эрежелерин жана жатаканада жашоо эрежелерин сактоого өзгөчө көңүл бурулат.

    Жашоо шарты текшерилгенден кийин студенттер менен түшүндүрүү маектери өткөрүлөт. Аларга өрт коопсуздугу боюнча, өзгөчө жалпы пайдалануудагы жайларда (мисалы, ашканада), эрежелер эскертилиши менен бирге, тамеки тартуунун, спирт ичимдиктерин жана энергетикалык суусундуктарды колдонуунун зыяны тууралуу маалымат берилет.

    Пакистан менен Индиянын ортосундагы акыркы окуяларга байланыштуу, чет өлкөлүк студенттердин коопсуздугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулду. Кураторлор студенттерге коюлган тартипти сактоо, өзгөчө зарылчылык болбосо жатаканадан чыкпоонун  жана сергек болуу тууралуу маалымат беришти.

     ОММУнун администрациясы студенттерди билим берүү жана коомдук чөйрөдө колдоо — социалдык-педагогикалык процесстин артыкчылыктуу багыты экенин белгилейт. Бул иш студенттерге университетке ийгиликтүү көнүгүүгө жана келечекте жоопкерчиликтүү, өз алдынча адам катары калыптанууга өбөлгө түзөт.



Фото галерея