ОЭАМУда Пакистан жана Индия арасындыгы кырдаалдын курчушуна байланыштуу чет өлкөлүк студенттердин коопсуздугун камсыздоо чаралары күчөтүлдү

оэаму ишиму oshimu омму oimu

             2025-жылдын 8-майындагы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин «Кыргыз Республикасындагы медициналык билим берүү уюмдарында билим алып жаткан Пакистан жана Индиядан келген студенттердин коопсуздугун камсыздоо чаралары жөнүндө» буйругунун негизинде, Ош эл аралык медициналык университетинде чет өлкөлүк студенттердин катышуусунда, университет жетекчилиги жана жергиликтүү укук коргоо органдары менен биргеликте алдын алуу жолугушуусу өткөрүлдү.

              Жолугушууда университет тарабынан студенттердин коопсуздугун камсыздоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар түшүндүрүлдү, ошондой эле жатаканада жана кампус аймагында жүрүм-турум эрежелеринин негизги пункттары эске салынды. Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын кызматкерлери мүмкүн болгон коркунучтар жана сактык чаралары тууралуу маалымат беришип, жергиликтүү укук коргоо органдары тарабынан көрсөтүлүүчү колдоо жана ар тараптуу жардам тууралуу айтып беришти.             

              Чет өлкөлүк студенттерге кечки жана түнкү убакытта көңүл ачуучу жайларга баруудан баш тартуу сунушталды. Ошондой эле улуттар аралык жаңжалдарга алып келиши мүмкүн болгон окуялар тууралуу дароо билдирүү жана укук бузуулар же кылмыштар болгон учурда укук коргоо органдарына ыкчам маалымат берүү сунушталды.

            Университеттин жетекчилиги тарабынан жатаканада кураторлордун кезмет графиги түзүлдү. Студенттер арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

         Университет мындай жолугушууларга катышкан студенттерге ыраазычылык билдирип, өз ара түшүнүшүүгө, урматтоого жана белгиленген эрежелерди сактоого чакырат.

 



Фото галерея