ОЭАМУ базасында жогорку окуу жайлардын окутуучулары үчүн квалификация жогорулатуу курсу
2025-жылдын 23-26-апрелинде Ош эл аралык медициналык университетинде жогорку окуу жайлардын окутуучулары үчүн “Заманбап кесиптик билим берүү технологияларынын негизинде жогорку билим берүү системасында келечектеги адисти калыптандыруу” программасы боюнча квалификацияны жогорулатуу курсу өттү.
Окутуу формасы – аралыктан жана күндүзгү түрдө, жалпы көлөмү – 72 саат. Сабактар күн сайын саат 14:00дөн 17:00гө чейин өттү.
Курстун автору жана алып баруучусу — педагогика илимдеринин доктору, профессор Ольга Михайловна Коломиец, Эл аралык педагогду кесиптик өнүктүрүү институтунун директору, И.М. Сеченов атындагы Биринчи Москва мамлекеттик медициналык университетинин профессору, компетенттүүлүк-ишмердүүлүк мамиленин жаатындагы таанымал адис.
Курска Ош эл аралык медициналык университетинин, ОшМУнун (медициналык жана эл аралык факультеттери, Филология жана маданияттар аралык коммуникация институту), жана Жалал-Абад эл аралык университетинин 60 окутуучусу катышты. Программа кесиптик компетенцияларды өнүктүрүүгө, окутуу ыкмаларын өркүндөтүүгө жана заманбап билим берүү технологияларын жогорку окуу жайларынын практикасына интеграциялоого багытталган.
2025-жылдын 25-апрелинде катышуучулар Джалал-Абад шаарында өткөрүлгөн көчмө иш-чарага да катышышты.
Курстун уюштуруучусу — окутуу жана илимий иштер боюнча проректор, медицина илимдеринин кандидаты, доцент Сакибаев Кыялбек Шерикбаевич.