ОЭАМУ TOEIC экзаменине даярданууда

оэаму ишиму oshimu омму oimu

3-апрелде ОЭАМУнун кызматкерлери ТОЕІС боюнча Learning World автордук тестирлөө борбору тарабынан уюштурулган ZOOM-конференциясына катышышты. Иш-чара ОЭАМУнун Мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору, доцент Ч.М. Мукашева тарабынан демилгеленген.

ТОЕIС - эл аралык чөйрөдө ишкердик байланыш үчүн англис тилин билүү жөндөмдөрүн текшерүү үчүн стандартташтырылган тест. Онлайн конференциянын жүрүшүндө ТОЕІС сынагынын түзүмү TOEFL сынагынын түзүмү менен көп жагынан окшош экендигин, бирок экөөнүн негизги айырмачылыгы алардын максаттарында экендигин белгиленди. TOEFL тести академиялык максаттарга - чет өлкөлүк окуу жайларга тапшырууга, илимий симпозиумдарга жана конференцияларга катышууга арналган, ал эми TOEIC эл аралык академиялык чөйрөдө иштей турган адамдардын англис тилин билүүсүн баалоо үчүн арналган. Бул сынак презентацияларды, ишкердик жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү англис тилинде сабаттуу жүргүзүү жөндөмүн аныктоого мүмкүндүк берет.

Эл аралык деңгээлдеги билим берүү тармагында ийгиликтүү карьера курууну каалагандар үчүн ТОЕIС сертификаты негизги болуп саналат.



Фото галерея