Scopus базасындагы Q1 квартилдүү кезектеги илимий макала жарыяланды

Scopus базасындагы Q1 квартилдүү кезектеги илимий макала жарыяланды

оэаму ишиму oshimu омму oimu

Ош эл аралык медициналык университетинин илимий коомчулугунда дагы бир маанилүү окуя болду - доцент К.Ш. Сакибаев чет өлкөлүк кесиптештери менен биргеликте Scopus эл аралык базасына кирген жана Q1 квартилдүү илимий журналда article түрүндөгү илимий макаласын жарыялады.

Scopus жана Web of Science сыяктуу эл аралык цитаталоо базаларына кирген журналдарда илимий эмгектерди жарыялоо илимий-изилдөө ишмердүүлүгүнүн жогорку деңгээлин көрсөткөн маанилүү көрсөткүч болуп саналат. Мындай публикациялар Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө эл аралык илимий долбоорлорго, академиялык программаларга жана гранттык сынактарга катышууга кеңири мүмкүнчүлүк ачат.

Өзгөчө белгилей кетүүчү жагдай - Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги Scopus базасындагы публикацияларды жогорку окуу жайлардын жана илимий-изилдөө институттарынын илимий ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун баалоодогу негизги критерийлердин бири катары эсептейт. Бул эл аралык базалардагы илимий макалалар КРнын ВАК тизмесиндеги басылмаларга теңештирилип, университеттин академиялык потенциалын өнүктүрүүгө чоң салым кошот.

Белгилей кетсек, Q1 квартили дүйнөдөгү эң абройлуу жана эң көп цитаталанган илимий журналдарга ыйгарылат. Бул изилдөөнүн жогорку сапатын, теманын актуалдуулугун жана авторлордун эмгегинин эл аралык деңгээлде таанылганын көрсөтөт.

Scopus бүгүнкү күндө дүйнөдөгү эң ири илимий цитаталоо базаларынын бири болуп эсептелет жана ар түрдүү илимий багыттар боюнча 23 миңден ашуун рецензияланган илимий басылмаларды камтыйт. Scopus базасындагы публикациялар дүйнөнүн алдыңкы университеттери, илимий борборлору жана рейтингдик агенттиктери тарабынан сапаттын, ишенимдүүлүктүн жана илимий маанилүүлүктүн көрсөткүчү катары таанылат.

Ош эл аралык медициналык университетинин жамааты доцент К.Ш. Сакибаевди кезектеги илимий жетишкендиги менен куттуктап, мындан аркы илимий ийгиликтерди, жаңы изилдөөлөрдү жана эл аралык деңгээлдеги таанылууну каалайт.



Фото галерея