ОЭАМУнун кызматкерлери Курск шаарындагы экинчи эл аралык педагогикалык конференцияга катышты
27-мартта ОЭАМУнун кызматкерлери Курск мамлекеттик медициналык университетинин базасында өткөрүлгөн «Учурдун педагогикасы: кесиптик билим берүү жана өнүгүү» аттуу | Эл аралык илимий-практикалык конференциясына катышышты. Программага ылайык, пленардык жана бир нече тематикалык секциялык отурумдар уюштурулуп, ОЭАМУ башка ЖОЖдор менен катар аталган конференциянын уюштуруучусу катары чыккандыгына байланыштуу, ОЭАМУнун атынан ректор, доцент Р.М. Джумаев конференциянын катышуучуларына куттуктоо сөзү менен чыгып сүйлөдү. Доцент К. Ш. Сакибаев (ОЭАМУ) доцент Т.А. Олейникова (КММУ) менен биргеликте «Заманбап билим берүү инструменттери жана технологиялары» аттуу тематикалык секциясында « Эл аралык кызматташтык заманбап медициналык жана фармацевтикалык билим берүүнүн тренди катары» деген темада баяндама жасашты.
Жыйынтыгында, конференциянын катышуучулары жогорку медициналык жана педагогикалык мектептин фундаменталдык негиздерин сактоонун, гуманитардык жана коомдук дисциплиналарды окутууда улуттук кызыкчылыктарга, мамлекеттик баалуулуктарга негизделген маданий мамилени күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.