ОЭАМУ эл аралык аккредитациядан максималдуу мөөнөткө - 5 жылга ийгиликтүү өттү

ОЭАМУ эл аралык аккредитациядан максималдуу мөөнөткө - 5 жылга ийгиликтүү өттү

оэаму ишиму oshimu омму oimu

Ош эл аралык медициналык университети 5 жылдык мөөнөткө эл аралык институционалдык жана программалык аккредитациядан ийгиликтүү өткөнүн сыймыктануу менен билдирет. Бул — аккредитациянын эң жогорку мөөнөтү болуп саналат.

Аккредитацияны ААОПО эл аралык аккредитациялык агенттиги жүргүздү. Процедуранын алкагында университетте 9 эл аралык эксперттен турган комиссия 3 күн бою иш алып барып, университеттин ишмердүүлүгүн комплекстүү баалады.

Эксперттер төмөнкү багыттарды кылдат изилдешти:

     - билим берүү программалары,

     - кадрдык потенциал,

     - илимий-изилдөө ишмердүүлүгү,

     - материалдык-техникалык база,

     - билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу системасы.

Экспертизанын жыйынтыгында университет медициналык билим берүүнүн эл аралык стандарттарына шайкеш экендигин тастыктады.

Эксперттик комиссия окуу процессинин жогорку деңгээлде уюштурулганын, практикага багытталган окутууну жана эл аралык кызматташтыктын активдүү өнүгүшүн белгиледи.

5 жылдык максималдуу мөөнөткө аккредитация алуу — бул адистерди даярдоонун сапатынын жогорку деңгээлин таануу болуп эсептелет жана университеттин туруктуу өнүгүп жатканын көрсөтөт.



Фото галерея