ОЭАМУ МЕДАСС Илимий-техникалык борбору менен кызматташууда
23-27-апрель күндөрү Москва шаарында илимий иш-сапардын алкагында ОЭАМУнун окуу жана илимий иштер боюнча проректору, доцент Сакибаев К.Ш. иш сапары менен "МЕДАСС" илимий-техникалык борборуна жана "ГЦОЛИФК" Россия спорт университетине барды.
"МЕДАСС" ЖЧКсы 30 жылдан ашуун убакыттан бери адам денесинин ткандарынын электр каршылыгын өлчөө негизинде иштелип чыккан биоимпеданс анализаторлорун жана методикаларын иштеп чыгуу менен алектенет. Бул аппараттар липиддик, белоктук жана суу алмашуу көрсөткүчтөрүн, метаболизм ылдамдыгын баалоого мүмкүндүк берет жана диетология, гемодиализ, интенсивдүү терапия, реабилитация, фигураны коррекциялоо, фитнес тестирлөө, калкты скринингдик текшерүү жана спортсмендердин физикалык даярдыгын көзөмөлдөөдө колдонулат. Борбордун башкы директору Д.М. Николаев менен жолугушууда илимий-методикалык кызматташтык маселелери жана кызматкерлерибизди бул жабдууну колдонуу боюнча окутуу
мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Ошондой эле ОЭАМУнун базасында морфологиялык лаборатория - ауксология жана антропометриялык стандартташтыруу Борбору түзүлүшү пландалууда. Бул долбоор Россия спорт университетинин анатомия жана биологиялык антропология кафедрасы менен биргеликте ишке ашырылат (кафедра башчысы, доцент Т.Г. Гричанова). Бул демилгенин алкагында илимий жана долбоордук иштер боюнча проректор О.М. Михайлова менен жолугушуу өтүп, кызматташтык келишимдеринин долбоорлору даярдалды. "ГЦОЛИФК" Россия спорт университети - дене тарбия жана спорт тармагындагы эң ири жогорку окуу жайларынын бири болуп саналат жана 2024-жылдагы Улуттук рейтингде 2-лигага (Россиядагы алдынкы 200 ЖОЖ) кирген, Спорт министрлигине караштуу жалгыз ЖОЖ катары эсептелет.