ОЭАМУнун студенттери этнографиялык музейге барышты

ОЭАМУнун студенттери этнографиялык музейге барышты

оэаму ишиму oshimu омму oimu

     «Кыргыз тили жана адабияты» сабагынын алкагында ЛД-6-1-25 тайпасынын студенттери этнографиялык музейге таанып-билүү максатындагы экскурсияга барышты. Иш-чаранын негизги максаты – студенттердин тилдик көндүмдөрүн өнүктүрүү менен катар кыргыз элинин тарыхы, маданияты жана салт-санаасы тууралуу билимдерин тереңдетүү болду.

     Экскурсия учурунда студенттер байыркы доордон тартып бүгүнкү күнгө чейинки тарыхый экспонаттар менен таанышышты. Өзгөчө улуттук кийимдер, тиричилик буюмдары, ошондой эле салттуу медициналык ыкмалар жана элдик дары-дармектер тууралуу маалыматтар чоң кызыгууну жаратты.

     Айрыкча элдик медицина бөлүмү келечектеги дарыгерлер үчүн өзгөчө кызыктуу болуп, саламаттык сактоонун маданий аспектилери боюнча түшүнүгүн кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берди.

     Экскурсия интерактивдүү форматта өтүп, студенттер кыргыз тилинде суроолорду берип, талкууларга активдүү катышышты. Бул алардын кесиптик лексикасын байытып, оозеки сүйлөө жөндөмүн өнүктүрүүгө жардам берди.

    Иш-чаранын жыйынтыгында студенттер тарыхый жана маданий мурастарды сактоонун маанилүүлүгүн белгилеп, алган билимдерин келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүндө колдонууга мүмкүнчүлүк алышты.



Фото галерея