Ош шаарындагы ЖОЖдордун ректорлорунун ФОМС менен жолугушуусу: чет өлкөлүк студенттердин камсыздандыруусу тууралуу талкуу
ОшМУнун кичи жыйындар залында Ош шаарынын ЖОЖдорунун ректорлорунун Мамлекеттик медициналык камсыздандыруу фондунун (ММКФ) өкүлдөрү менен жолугушуусу өттү. Жыйында «Чет элдик студенттерди милдеттүү медициналык камсыздандыруу жөнүндө» КР Мыйзамы талкууланды. Жолугушууда медициналык камсыздандыруунун мааниси, ЖОЖдордун чет элдик жарандарды камсыздандыруу боюнча маалымдоо жана полис алуу иштеринин аткарылышы, этникалык
кыргыздар үчүн камсыздандыруу суммасы боюнча маселелер каралды.
ФОМС өкүлдөрү камсыздандыруу аркылуу студенттер Кыргыз Республикасынын жарандары менен тең, шартта медициналык кызматтарды алуу мүмкүнчүлүгүнөө ээ болорун жана бул кыйын кырдаалда дарыланууга кеткен чыгымдарды азайтып, финансылык коргоону камсыз кылаарын белгилешти. Ошондой эле бул маселени терең түшүндүрүү жана чет элдик жарандар арасында маалымат жеткирүү иштери күчтөрүн айтышты. ЖОЖ жетекчилерин бул багытта активдүү иштөөгө
чакырышты.
Ош эл аралык медициналык университетинин атынан ректор, доцент Р.М. Джумаев жана каржы-укук бөлүмүнүн директору И.Ж. Кудайбаков катышышты.