«Анатомия — бул тагдыр» аттуу I Эл аралык студенттик олимпиада өттү

«Анатомия — бул тагдыр» аттуу I Эл аралык студенттик олимпиада өттү

оэаму ишиму oshimu омму oimu

     2026-жылдын 3-апрелинде Ош эл аралык медициналык университетинде морфологиялык дисциплиналар боюнча «Анатомия — бул тагдыр» аттуу I Эл аралык студенттик олимпиада болуп өттү. Бул иш-чара университеттин тарыхында мындай деңгээлдеги олимпиаданы биринчи жолу өткөрүү болуп, маанилүү жана тарыхый окуя катары белгиленди.

    Иш-чарага ЖАГУ, ОшМУ, Эл аралык жогорку медицина мектеби (МВШМ) жана башка окуу жайлардан жалпы 9 команда катышты.

    Олимпиада көп тилдүү форматта өткөрүлүп, англис жана орус тилдүү командалар катышып, иш-чаранын эл аралык деңгээлин жана катышуучулардын жогорку даярдыгын көрсөттү.

    Сынак 3 этаптан туруп, катышуучулар гистология, анатомия жана хирургиялык көндүмдөр боюнча билимдерин жана практикалык жөндөмдөрүн көрсөтүштү. Мындан тышкары, өзүнчө бааланган «Визиттик карточка» аттуу чыгармачылык сынак өткөрүлдү.

Калыстар тобуна Воронеж мамлекеттик университетинен келген адистер жана катышуучу университеттердин өкүлдөрү кирип, калыс жана жогорку деңгээлдеги баалоону камсыз кылышты.

Бардык командалар жогорку деңгээлде чыгып, өздөрүн мыкты көрсөтө алышты.

 Олимпиаданын жыйынтыктары

 Англис тилдүү командалар:

  • 🥇 Fantastic Five (ОшМУ) — 1-орун
  • 🥈 Stethonerds (ОЭАМУ) — 2-орун
  • 🥈 Medicus (ЖАГУ) — 2-орун
  • 🥉 Corpus Scientiae (МВШМ) — 3-орун
  • 🥉 ELITE HEALERS (ОЭАМУ) — 3-орун

 Орус тилдүү командалар:

  • 🥇 IN VIVO (ОЭАМУ) — 1-орун
  • 🥈 Synapse (ОшМУ, ММФ) — 2-орун
  • 🥉 Дух клетки (ЖАГУ) — 3-орун

Тыныгуу учурунда катышуучулар үчүн кофе-брейк уюштурулуп, ОЭАМУ студенттери тарабынан музыкалык жана бий номерлери көрсөтүлдү.

Бул олимпиада эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, академиялык алмашууга жана студенттердин морфологиялык дисциплиналарга болгон кызыгуусун арттырууга чоң салым кошту.



Фото галерея