ОЭАМУда россиялык адистердин катышуусунда эл аралык семинар өттү
2026-жылдын 1-апрелинде Ош эл аралык медициналык университетинде Воронеж мамлекеттик медициналык университетинин лекторлорунун катышуусунда квалификацияны жогорулатуу боюнча семинар болуп өттү. Иш-чара «Оорулардын морфологиялык негиздери: анатомия, гистология жана патологияны клиникалык практикада жана медициналык билим берүүдө интеграциялоо» аттуу билим берүү программасынын алкагында уюштурулду.
Семинардын жүрүшүндө сапат менеджментинин системасы, бириктирүүчү ткандын гистохимиясынын заманбап ыкмалары, ошондой эле пикро Маллори ыкмасы боюнча мастер-класс өткөрүлдү. Катышуучулар иммуногистохимиянын негиздери менен таанышып, патологоанатомдордун практикасынан алынган клиникалык учурларды талкуулашты.
Семинар окутуучулардын кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатууга жана медициналык билим берүү тармагындагы эл аралык кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түздү.