ОЭАМУ бүткүл россиялык илимий конференцияга катышты
14-15-март күндөрү Воронеж мамлекеттик медициналык университетинде (Н.Н. Бурденко атындагы) «Лимфатикалык системасы - анатомиядан клиникага чейин» аттуу Буткул Россиялык илимий конференция болуп өттү. Бул иш-чара профессор Г.М. Иосифовдун (15.01.1870 - 24.03.1933) туулгандыгынын 155 жылдыгына арналып, адамдын нормалдуу анатомиясы кафедрасы тарабынан уюштурулуп, "Анатомдордун, гистологдордун жана эмбриологдордун медициналык илимий Коомунун колдоосу менен өттү.
Конференцияга төмөнкү мекемелерден: Патрисиа Лумумба атындагы Россия элдер достугу университети, Тамак-аш жана биотехнология боюнча федералдык изилдөө борбору, А.П. Авцын атындагы адам морфологиясы илимий-изилдөө институту, Петровский атындагы хирургиялык Россиялык илимий борбору, Н.И. Пирогов атындагы Россия улуттук изилдөө медицина университети, И.П. Павлов атындагы Рязань мамлекеттик медициналык университети, Рязань шаарынын Облустук клиникалык ооруканасынан да баяндамачылар катышышты. Пленардык жыйынга Воронеж мамлекеттик медициналык университетинин студенттери катышты.
Ош эл аралык медициналык университетинин кызматкерлери: Муратов Ж.К., Джумаев Р.М., Сакибаев К.Ш., Ташматова Н.М., Джолдубаев С.Ж. онлайн режиминде катышышып, 2 баяндама жана 4 макала сунушташты. Ошондой эле Россия менен Кыргызыстандын башка ЖОЖдорунан да онлайн сөз сүйлөштү: Рязань ММУ, Томск шаарындагы Сибирь ММУ, СО РАНгА караштуу Цитология жана генетика институтунун клиникалык жана эксперименталдык лимфология боюнча филиалы, И.К. Ахунбаев атындагы КММА, КР Улуттук илимдер академиясынын Түштүк бөлүмүнүн медико-биологиялык көйгөмөлөрдү илимий изилдөө институту, Ош мамлекеттик университети.
Ош эл аралык медициналык университети иш-чаранын уюштуруучуларына, айрыкча ВММУнун адамдын анатомиясы кафедрасынын башчысы, профессор Н.Т. Алексеевага терең ыраазычылык билдирүү менен анатомиялык коомдун салттарын
колдогону, илимий жана педагогикалык идеялар менен бөлүшүү үчүн өзгөчө чөйрө жаратканы, студенттер арасында илимди жайылтканы жана чыгармачылыкка дем берген иш-аракеттери үчүн жогору баа берди. https://vrngmu.ru/news/2025-god/60426/%D0%B6