Клиникалык дисциплиналар кафедрасынын башчысы Кытайдагы эл аралык илимий-практикалык программага катышты

Клиникалык дисциплиналар кафедрасынын башчысы Кытайдагы эл аралык илимий-практикалык программага катышты

оэаму ишиму oshimu омму oimu

       ОЭАМУнун клиникалык дисциплиналар кафедрасынын башчысы, медицина илимдеринин кандидаты Абдимомунова Бегимай Токтоболотовна Кытай Эл Республикасынын Юньфу шаарында өткөн «Гуандундагы чет элдик эксперттердин сапары» аттуу эл аралык илимий-практикалык программага катышты.

       Программанын алкагында ОЭАМУнун өкүлү «Industrialisation of Rapid Point-of-Care Testing (POCT) Kits for Zoonotic Parasitic Diseases» аттуу илимий баяндама жасап, зооноздук паразитардык ооруларды аныктоого арналган ыкчам диагностикалык тесттерди индустриялаштыруу маселелерине токтолду.

       Өз баяндамасында Бегимай Токтоболотовна паразитология жана жугуштуу оорулар тармагында экспресс-диагностиканы иштеп чыгуу жана практикага киргизүүнүн заманбап ыкмаларын кеңири баяндады. Өзгөчө көңүл POCT-технологияларын практикалык колдонууга, алардын ооруларды эрте аныктоодогу маанисине, ошондой эле илимий иштеп чыгууларды өнөр жай өндүрүшүнө жана саламаттык сактоо системасына киргизүүнүн келечегине бурулду.

       ОЭАМУнун окутуучусунун мындай эл аралык деңгээлдеги иш-чарага катышуусу илимий тажрыйба алмашуу, медициналык илимдин актуалдуу багыттарын талкуулоо жана чет өлкөлүк адистер менен кесиптик байланыштарды кеңейтүү үчүн маанилүү мүмкүнчүлүк болду.

       Мындай эл аралык демилгелер университеттин илимий потенциалын бекемдөөгө, анын академиялык аброюн жогорулатууга жана медициналык билим берүү менен изилдөө тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.



Фото галерея