Кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө арналган лекция өттү
2026-жылдын 23-мартында Ош эл аралык медициналык университетинде Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө арналган лекция болуп өттү. Лекцияны табигый-гуманитардык дисциплиналар окутуучусу Батырова Каныкей студенттер үчүн окуду.
Жолугушуунун жүрүшүндө ал студенттерге кургак учуктун тарыхы, аны дарылоонун заманбап ыкмалары, ошондой эле бул оорунун алдын алуунун бүгүнкү күндө да канчалык маанилүү экендиги тууралуу айтып берди. Мындан тышкары, инфекциянын жугуу жолдору, алгачкы белгилери жана эрте аныктоонун мааниси тууралуу өзгөчө басым жасалды.
Лекция келечектеги дарыгерлер үчүн пайдалуу жана мазмундуу маанайда өттү. Студенттер бул тема боюнча билимдерин кеңейтүү менен катар, кургак учукка каршы күрөштө калктын маалымдуулугу канчалык чоң роль ойной турганын дагы бир жолу түшүнүштү.
Мындай иш-чаралар студенттердин коомдук саламаттыкты сактоо маселелерине болгон жоопкерчиликтүү мамилесин калыптандырып, заманбап саламаттыкты сактоо системасында профилактикалык медицинанын маанисин дагы бир жолу баса белгилейт.