ОЭАМУ Воронежде өткөн IX Эл аралык илимий конференцияга катышты

ОЭАМУ Воронежде өткөн IX Эл аралык илимий конференцияга катышты

оэаму ишиму oshimu омму oimu

      2026-жылдын 17-мартында Ош эл аралык медициналык университетинин өкүлдөрү Н.Н. Бурденко атындагы Воронеж мамлекеттик медициналык университетинде өткөн «Фундаменталдык жана колдонмо медициналык изилдөөлөрдүн клиникалык-морфологиялык аспектилери» аттуу IX Эл аралык илимий конференцияга катышты.

       Конференция көрүнүктүү окумуштуу жана педагог, профессор Игорь Эдуардович Есауленконун элесине арналды. Иш-чарага Россия, Беларусь, Өзбекстан жана Кыргызстандан келген адистер катышып, заманбап медицина, морфология, клиникалык анатомия жана медициналык билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелер талкууланды.

     Ош эл аралык медициналык университети бул эл аралык илимий жыйында өзүнүн илимий ишмердүүлүгүн татыктуу деңгээлде көрсөттү. ОЭАМУнун атынан конференцияга 5 илимий макала сунушталып, бул университеттеги илимий-изилдөө иштеринин жигердүү жүрүп жаткандыгын дагы бир жолу тастыктады.

     ОЭАМУнун атынан илимий жана окуу иштери боюнча проректор, медицина илимдеринин кандидаты, доцент Сакыбаев К.Ш. баяндама жасады. Ал «Кыргыз популяциясындагы адамдардын соматотипологиялык таандыгы жана бел-сегизкөз остеохондрозунун антропометриялык маркерлери» аттуу темада доклад сунуштады.

     Бул конференцияга катышуу ОЭАМУ үчүн өзүнүн илимий жетишкендиктерин көрсөтүүгө, башка өлкөлөрдөн келген кесиптештер менен тажрыйба алмашууга жана медицина тармагындагы эл аралык академиялык байланыштарды өнүктүрүүгө жакшы мүмкүнчүлүк болду.

     Мындай илимий иш-чараларга катышуу университеттин илимий потенциалын чыңдоого, кесиптик байланыштарын кеңейтүүгө жана ОЭАМУнун эл аралык билим берүү жана илимий мейкиндиктеги ордун бекемдөөгө өбөлгө түзөт.



Фото галерея