ОЭАМУда ОСКЭни уюштуруу жана баалоо боюнча методикалык семинар өттү

ОЭАМУда ОСКЭни уюштуруу жана баалоо боюнча методикалык семинар өттү

оэаму ишиму oshimu омму oimu

      2026-жылдын 27-февралында Ош эл аралык медициналык университетинде студенттердин клиникалык көндүмдөрүн баалоонун заманбап ыкмаларына жана ОСКЭ (объективдүү структураланган клиникалык экзамен) өткөрүүнү уюштурууга арналган методикалык семинар болуп өттү.

      Семинардын алкагында клиникалык дисциплиналар кафедрасы ОСКЭ-борборлорунун станциялардын паспортторун жана чек-листтерин тааныштырып, төмөнкү маселелер кеңири талкууланды: баалоо критерийлери, экзамен өткөрүүнүн алгоритми, ошондой эле ОСКЭ-борборлорунун базасында экзамендерди өткөрүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү.

ОСКЭ багыттары боюнча маалыматтарды төмөнкү баяндамачылар сунушташты:

  • Абсаттаров Эрлан — терапия боюнча ОСКЭ-борбор;

  • Турсунова Вероника — акушерлик жана гинекология боюнча ОСКЭ-борбор;

  • Нишанкулова Эльнура — педиатрия боюнча ОСКЭ-борбор.

      Аталган семинар окутуучуларга ОСКЭнин инструменттери жана принциптери менен системалуу таанышууга, практикалык көндүмдөрдү баалоодо бирдиктүү ыкмаларды колдонууга жана жыйынтыктоочу көзөмөлдүн объективдүүлүгүн жогорулатууга жардам берди.

      ОЭАМУ келечектеги дарыгерлердин клиникалык даярдыгынын сапатын жогорулатууга багытталган заманбап окутуу жана баалоо ыкмаларын мындан ары да киргизүүнү улантат.



Фото галерея