ААОПОнун эксперттик комиссиясынын сунуштарын аткаруу боюнча жумушчу топтун кезектеги жыйыны
ААОПО агенттигинин эксперттик комиссиясынын сунуштарынын аткарылышы боюнча жумушчу топтун кезектеги жыйыны болуп өттү. 5-8-стандарттардын сунуштамаларына ылайык, пластинациялык анатомиялык препараттарга (Эл аралык морфологиялык борбор, Санкт-Петербург, РФ), антропометриялык шаймандарга (КАФА компаниясы, Москва, РФ), жана дене курамын аныктаган анализаторго АВС-2 MEDASS (НТЦ МЕДАСС, Москва, РФ) буйрутмалар берилди. Ошондой эле, ОММУнун илимий журналын ЖаЭАУ менен биргеликте негиздөө пландалууда.
Андан сырткары симуляциялык кабинетти жаңы жабдуулар менен кайра жабдуу боюнча пландар түзүлдү. Ага ылайык «Зарница» компаниясы менен байланыш орнотулду (Казань, РФ). Өзгөчө белгилеп кетүүчү нерсе - университеттин базасында ауксология жана антропометрикалык стандартташтыруу боюнча илимий лаборатория (борбор) түзүлүүдө.