ОЭАМУда конок лекция өткөрүлдү

ОЭАМУда конок лекция өткөрүлдү

оэаму ишиму oshimu омму oimu

       2026-жылдын 25-февралында Ош эл аралык медициналык университетинде «Жугуштуу оорулар» дисциплинасынын алкагында 4-курстун студенттери үчүн «ВИЧ-инфекция» темасында конок лекция өткөрүлдү. Лектор катары Ош шаардык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы, врач-инфекционист Сатыбалдыев М.М. катышты.

      Сабактын жүрүшүндө лектор актуалдуу клиникалык учурларды сунуштап, практикасындагы реалдуу мисалдарды талдап берди. Бул студенттерге ВИЧ-инфекциясы бар бейтаптарды диагностика кылуунун, жүргүзүүнүн жана дарылоонун өзгөчөлүктөрүн тереңирээк түшүнүүгө жардам берди. Өзгөчө көңүл клиникалык ой жүгүртүүгө, бейтаптын абалын баалоого жана инфекцияны өз убагында аныктоонун маанилүүлүгүнө бурулду.

      ОММУ практикага багытталган окутууну улантып, аймактын алдыңкы адистери менен кызматташууну өнүктүрүү аркылуу студенттерге реалдуу клиникалык тажрыйбага негизделген билим алууга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүп келет.



Фото галерея