ОЭАМУнун жана ОшМУнун индиялык студенттери Шиваджи Махарадждын туулган күнүн белгилешти

ОЭАМУнун жана ОшМУнун индиялык студенттери Шиваджи Махарадждын туулган күнүн белгилешти

оэаму ишиму oshimu омму oimu

         2026-жылдын 19-февралында Ош шаарындагы «Эльдорадо» ресторанында Индиянын көрүнүктүү башкаруучусу Чхатрапати Шиваджи Махарадждын туулган күнүнө арналган маданий иш-чара өткөрүлдү.

       Иш-чараны Ош шаарында билим алып жаткан индиялык студенттер — Ош мамлекеттик университетинин жана Ош эл аралык медициналык университетинин студенттери уюштурушту. Иш-чаранын негизги максаты — маданий байланыштарды бекемдөө, улуттук салт-санааларды сактоо жана студенттик коомчулукту бириктирүү болду.

      Катышуучулар Чхатрапати Шиваджи Махарадждын тарыхый ордун белгилеп, анын акылман башкаруучу, мыкты стратег жана реформатор катары даңкталганын белгилешти. Адилеттүүлүк, теңчилик жана сабырдуулук принциптери бүгүнкү күндө да жаштарды шыктандырып келет.

       Майрамдык программада куттуктоо сөздөр, Шиваджи Махарадждын өмүрү тууралуу кыскача тарыхый маалыматтар, маданий номерлер жана коноктордун достук маанайдагы баарлашуусу орун алды. Иш-чара студенттерди, окутуучуларды жана ардактуу конокторду бириктирип, Ош шаарындагы билим берүү чөйрөсүндө маданияттар аралык өз ара аракеттенүүнүн ачык үлгүсү болду.



Фото галерея