ОЭАМУда хирургия боюнча симуляциялык станциялар менен практикалык сабактар өтүүдө

ОЭАМУда хирургия боюнча симуляциялык станциялар менен практикалык сабактар өтүүдө

оэаму ишиму oshimu омму oimu

       Практикалык көндүмдөрдү чыңдоо жана студенттердин клиникалык даярдыгын жогорулатуу максатында ОЭАМУда хирургия боюнча практикалык сабактар симуляциялык станциялардын негизинде өтүп жатат.

      Сабактар үчүн атайын симуляциялык класс уюштурулуп, ал заманбап жабдуулар менен камсыздалган. Аудиторияда хирургиялык көндүмдөрдү үйрөтүүгө арналган симуляциялык манекендер, лапароскопиялык аппарат жана практикалык иш-аракеттерди аткарууга ылайыкташкан инструменттер бар. Студенттер тигиш салуу, жарааттарды иштетүү, түйүн байлоо, лапароскопиянын негизги элементтерин өздөштүрүү сыяктуу көндүмдөрдү симуляциялык материалдарда коопсуз шартта аткарышат.

      Мындай окутуу форматы студенттерге клиникалык практика башталганга чейин тактыкты, кол чеберчилигин жана ишенимди калыптандырууга жардам берип, бейтаптар үчүн коопсуздукту камсыздоого өбөлгө түзөт. ОММУ мындан ары да практикага багытталган окутууну күчөтүп, материалдык-техникалык базаны кеңейтүүнү улантат.



Фото галерея