ОЭАМУда актыларды ишке киргизүү боюнча семинар өттү

ОЭАМУда актыларды ишке киргизүү боюнча семинар өттү

оэаму ишиму oshimu омму oimu

         20.02.2026 жылы Ошский эл аралык медициналык университетинде семинар өткөрүлдү. Иш-чара университеттин ички иштерин өркүндөтүүгө жана алдыдагы пландарды биргеликте талкуулоого багытталды.

        Семинардын күн тартибинде биринчи маселе катары «Акты внедрение» боюнча кеңири жана практикалык маалыматтар берилди. Катышуучуларга тиешелүү документтерди ишке киргизүүнүн тартиби, колдонуудагы талаптар жана аны аткаруунун практикалык ыкмалары түшүндүрүлүп, суроо-жооп форматында талкуу жүргүзүлдү.

        Экинчи маселе боюнча семинарда университеттин 2026–2030-жылдарга стратегиялык өнүгүү планы тааныштырылып, анын негизги багыттары кеңири талкууланды. Катышуучулар сунуш-пикирлерин айтып, университеттин билим берүү, илимий жана уюштуруучулук ишмердүүлүгүн өнүктүрүү боюнча бир катар маанилүү сунуштар айтылды.

        ОЭАМУ мындай семинарлар аркылуу башкаруу процесстерин жакшыртууну, кызматкерлердин маалымдуулугун арттырууну жана стратегиялык максаттарды ишке ашырууда жалпы командалык ишти күчөтүүнү улантат.



Фото галерея