«Эне тил тагдыры — эл тагдыры»: ОЭАМУда бүткүл дүйнөлүк эне тили күнүнө арналган тарбиялык саат өттү
21-февраль - Бүткүл дүйнөлүк эне тили күнүнө карата Ош эл аралык медициналык университетинде «Эне тил тагдыры — эл тагдыры» деген темада тарбиялык саат өткөрүлдү. Иш-чара Кыргыз тили окутуучусунун көзөмөлүндө уюштурулуп, студенттердин эне тилге болгон урмат-сыйын бекемдөөгө багытталды.
Тарбиялык сааттын жүрүшүндө эне тил — ар бир улуттун руханий мурасы, маданияты жана өзгөчөлүгүн айкындаган эң баалуу байлык экени белгиленди. Ошондой эле катышуучуларды эне тилибизде таза жана туура сүйлөөгө, тилди сактап-өнүктүрүүгө үндөгөн пикирлер айтылып, тилге болгон жоопкерчилик тууралуу түшүндүрүү иштер жүргүзүлдү.
ОЭАМУда мындай тарбиялык иш-чаралар студенттердин маданий аң-сезимин өстүрүүгө, улуттук баалуулуктарды урматтоого жана билим берүү чөйрөсүндө мамлекеттик тилдин ролун бекемдөөгө өбөлгө түзөт.