ОЭАМУда тесттик тапшырмаларын түзүү боюнча методикалык семинар өттү

ОЭАМУда тесттик тапшырмаларын түзүү боюнча методикалык семинар өттү

оэаму ишиму oshimu омму oimu

       13-февралда Ош эл аралык медициналык университетинин ресурстук борборунда (Talking Club) «MSQ тесттик тапшырмаларын түзүү» темасында методикалык семинар болуп өттү.

      Иш-чарага университеттин окутуучулары, ошондой эле ректор жана проректорлор катышты. Семинардын жүрүшүндө фундаменталдык жана клиникалык дисциплиналар боюнча тесттик тапшырмалардын матрицалары жана мисалдары көрсөтүлүп, алардын спецификациясы жана окуу максаттарына шайкештиги талкууланды.

      Клиникалык дисциплиналар кафедрасынын окутуучулары Нишанкулова Э.Д. жана Садыкова Г.Ж. суроолордун үлгүлөрү камтылган презентацияларды сунуштап, тест тапшырмаларын түзүүнүн негизги ыкмаларын түшүндүрүштү.

      Окутуу жана илимий иштер боюнча проректор, доцент Сакибаев К.Ш., сертификатталган тестолог тесттик суроолордун мисалдарын көрсөтүп, мындай методикаларды бардык окутуучуларга кеңири колдонуу жана практикага киргизүү зарылдыгын белгиледи.

      Семинар билимди баалоонун сапатын жогорулатууга жана тесттик материалдарды түзүүдө бирдиктүү стандарттарды калыптандырууга багытталган маанилүү тажрыйба алмашуу аянтчасы болду.



Фото галерея