ЖаГУ жана ОЭАМУ ортосундагы академиялык мобилдүүлүк: кызматташтыктын жаңы горизонттору

оэаму ишиму oshimu омму oimu

ЖаМУ жана ОЭАМУ ортосундагы академиялык мобиллдүүлүкк - академиялык кызматташтыктын жаңы багыттары.

2025-жылдын 27-февралында ички академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери Ош эл аралык медициналык университетине расмий визит менен келишти. Университет жетекчилиги менен салтанаттуу жолугушуудан кийин конокторго доцент К.Ш. Сакибаевдин «Кыргызстандагы заманбап шарттарда балдардын жана чоңдордун физикалык абалын конституционалдык, этникалык, жыныстык жана жаш өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен баалоо» темасындагы илимий изилдөөлөрү боюнча баяндамасы сунушталды. Бул илимий долбоор КР Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-2026-жылдарга карата гранттык программасы боюнча бекитилген. 2024-жылдын 12-мартында Nº240012 уч тараптуу келишим түзүлгөн.

Коноктор ошондой эле окуу процессине катышып, симуляциялык борбордо жана Кыргыз-Индия клиникасынын базасында болушуп, медициналык билим берүүнүн практикалык жактары менен таанышышты. Бул иш сапары эки университет ортосундагы тажрыйба алмашууга жана кызматташуунун бекемделишине өбөлгө тузду. Академиялык мобилдүүлүк — бул студенттердин жана окутуучулардын регионалдык, республикалык же чет өлкөлүк (өнөктөш) жогорку окуу жайларында цикл, семестр же бир жылдык негизде окуу жана тажрыйба алмашуу программасы. Бул процесс ОЭАМУнун эл аралык жана билим берүү ишмердүүлүгү негизги багыттардын бири болуп саналат.



Фото галерея