Япон делегациясы менен жолугушуу

Япон делегациясы менен жолугушуу

оэаму ишиму oshimu омму oimu

       2026-жылдын 9-февралында Ош эл аралык медициналык университети эл аралык кызматташтыкты чыңдоо алкагында Япониядан келген делегацияны кабыл алды. Бул сапар саламаттык сактоо тармагындагы биргелешкен илимий-изилдөө демилгелерин өнүктүрүүдө жана академиялык байланышты кеңейтүүдө маанилүү кадам болду.

Делегациянын курамында Токиодогу Жунтендо университетинин өкүлдөрү болду:

  1. профессор Мотойуки Юаса (Motoyuki Yuasa) — глобалдык медициналык изилдөөлөр кафедрасынын башчысы;

  2. PhD, доцент Иштиак Ахмад (Ishtiaq Ahmad) — глобалдык медициналык изилдөөлөр кафедрасы.

      Жолугушуулардын жүрүшүндө коноктор жергиликтүү кадрлар үчүн стажировкаларды уюштуруунун мүмкүнчүлүктөрүнө, ошондой эле аймактагы жугуштуу эмес ооруларга каршы күрөшүү жана алдын алуу боюнча биргелешкен долбоорлорго кызыгуусун билдиришти. Тараптар изилдөөлөрдүн тематикасы жана кызматташуунун уюштуруучулук форматтары боюнча пикир алышты.

      Жолугушуулардын жыйынтыгында биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашыруунун алдын ала планы белгиленип, кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча кийинки кадамдар макулдашылды.

      «Бул сапар биздин дүйнөлүк билим берүү жана илимий мейкиндикке интеграцияланууга умтулуубузду тастыктайт», — деп белгилешти университеттин администрациясында. Ошондой эле Япония менен кызматташуу ОЭАМУнун студенттери жана окутуучулары үчүн келечектин технологияларына жол ачары баса белгиленди.



Фото галерея